Ошто үч эм жарыкка келди
Кечээ, 9-январда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында үч эм жарыкка келди.
Маалыматка караганда, үч эмди жарыкка Кара-Суу районунун 22 жаштагы тургуну Жайнагүл Умарова алып келген. Ымыркайлардын атасы Жеңишбек уулу Мирланбек, ал 31 жашта. Үч эм операция жолу менен төрөлдү: биринчиси уул, салмагы 2200 грамм; экинчиси да уул, салмагы 2700 грамм; үчүнчүсү кыз 2000 грамм. Азыркы учурда эненин жана ымыркайлардын абалы канааттандыраарлык экендиги маалымдалды.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="93394,93395"]