SerepTV Logo

Ошто шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу мыйзам бузуу жөнүндө түшкөн 10 маалымат текшерилип жатат

Ошто шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу мыйзам бузуу жөнүндө түшкөн 10 маалымат текшерилип жатат
Ош шаарында шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу мыйзам бузуу жөнүндө 10 маалымат текшерилип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милиция келип түшкөн 10 мыйзам бузуу маалыматын текшерип, чын далилин аныктаса, шайлоо мыйзамдарына ылайык эрежелерди бузгандар жоопкерчиликке тартылат. Ошондой эле Ош шаардык ички иштер башкармалыгы шайлоодогу үгүт кампаниясы тиешеси бар бардык тараптарды мыйзам сактоого чакырып, шаар тургундарын мыйзам бузуулар жөнүндө кабарларды 0(3222) 4-82-82 телефон номерине кабарлоону суранат. Өлкөдө 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын тандап алуу үчүн шайлоо өткөрүлөт.
Unknown Author