Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар каттай баштады (сүрөт)
Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарында окуучулар үчүн атайын автобустардын алгачкы каттамы ишке кирди. Бул демилге Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылган.
Аталган автобустар күнүнө 3 жолу: эртең менен, түшкүсүн, кечкисин акысыз каттайт. Ар бир багыт боюнча экиден автобус жүрөт.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="255819,255820,255821,255822,255823,255824"]