SerepTV Logo

Ошто коронавируска каршы эмдөө башталды (сүрөт)

Ошто коронавируска каршы эмдөө башталды (сүрөт)
Бүгүн, 29-мартта Ош шаарындагы №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, биринчилерден болуп Ош шаарынын медицина кызматкерлери эмделди. Ошондой эле Ош шаардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №1 филиалынын башкы дарыгери Мукарам Мондуеванын айтымында, шаарга Кытайда чыгарылган «Синофарм» вакцинасынын 300 дозасы келген, ал вакцина менен биринчи этапта 150 адам эмделет. Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин планына ылайык, алгач медицина кызматкерлери, мугалимдер, андан тышкары, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшөт. [gallery columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="31454,31455,31456,31457"]
Unknown Author