Ошто жүргүнчүлөрдү Зулушевдин учактан чыгып кетишин күттүрүп коюштубу? Башкы прокуратуранын жообу
Ош аэропортунда жүргүнчүлөр баш прокурор Курманкул Зулушевдин учактан түшүп кетүүсүн күтүп турууга аргасыз болушту. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов соцтармакта жазып чыкты.
Анын айтымында, Зулушев траптан түшүп, жергиликтүү прокурорлордун коштоосунда атайын унаага отуруп кеткенден кийин гана башка жүргүнчүлөргө учактан чыгып, автобустарга отурууга уруксат беришкен. "Мындай кошоматчылык качан токтойт?» - деп суроо салган жарандык активист.
Сереп Медиа маалымат агенттиги бул окуя боюнча маалымат алуу үчүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына кайрылды. "Курманкул Токторалиевичтин иш сапары менен Баткенге кеткени чын. Аскер прокурору менен кетти. Аэропортто учактан өз убактысында түштү, өз убактысында чыгып иш сапарын улантты», - дешти басма сөз кызматынан. "Жүргүнчүлөрдү кармоо болгон жокпу?» деген суроого «Болгон жок, ал өз шарты менен самолеттон чыкты. Биздин комментарий ушул» деп кыска гана жооп узатышты.Все пассажиры в Оше, ждали как генпрокурор Зулушев выйдет с трапа и его на спецавто увезут местные прокуроры. Только после этого всем остальным разрешили выйти с самолёта и сесть в автобусы. Когда закончится это холуйство?
— Adil Turdukulov (@adil_turdukulov) April 1, 2021