SerepTV Logo

Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 03:54дө Кыргызстандын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Алга-Бас, Кабылан-Көл айылдарында 3,5 балл. Ал эми Кара-Суу районунун Лаглан, Тогуз-Булак, Тээке айылдарында 3 баллга чейин жеткен. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
perizat