Ошто этти кайра иштетүүчү завод ачылат
Ош облусунун Кара-Суу районунунда этти кайра иштетүүчү завод ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган заводдун долбоорун өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов иштеп чыккан. Анын алкагында консерванттар үчүн айнек банка, бөтөлкө, капкак жасоочу бөлүмдөр да каралган. Мындан сырткары ал универсалдуу трикотаж өндүрүү фабрикасы, электромобилдик сервис борбору катары колдонуу боюнча сунуштар берилген.
Ошондой эле бул эт ишканасы Кара-Суудагы айыл өкмөттөрүнүн биринин балансында болот. Ал эми салыкты жергиликтүү бюджетке төлөйт. Мындан улам 500дөй жаранга жумуш орду түзүлүшү мүмкүн. Ал үчүн жергиликтүү ишкерлер жеке салымы менен инвестор катары акциянын ээси болууга шарттар каралган.