SerepTV Logo

Ошто Бексултан Курбанов дайынсыз болуп жатат

Ошто Бексултан Курбанов дайынсыз болуп жатат
28-декабрь күнү милицияга Өзгөн райондор аралык социалдык камсыздоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнөн кызматтык кат түшкөн. Анда 2008-жылы туулган Кара-Дыйкан айылынын тургуну Курбанов Бексултан Курбанович дайынсыз болуп жатканын билдирген. Бул факты Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, издөө иштери башталган. Кийген кийимдери: кара түстөгү кепка, ак түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым, кара түстөгү бут кийим. Белгилери: дене түзүлүшү орто, кара тору, чачы кара кыска, кашы-көзү кара. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 03233 5-06-36, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93 номурларына чалсаңар болот.