SerepTV Logo

Ошто башталгыч класстын окуучулары ууланып, ооруканага жаткырылды

Ошто башталгыч класстын окуучулары ууланып, ооруканага жаткырылды
Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Дадан Султанов атындагы жатак мектебинде 3-класстын 6 окуучусу ууланып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына түштү. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти. "2-февраль күнү саат 14:10дор чамасында балдар белгисиз нерседен ууланып, облустук ооруканага келип түшкөн. Алтоонун бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми эки окуучунун абалы жакшырып, кечээ, 3-февраль күнү үйүнө чыгарылды", — деп билдиришти ооруканадан. Учурда окуучулар эмнеден улам уулангандыгы белгисиз.
Unknown Author