SerepTV Logo

Ошто августтан бери Мээримгүл Бопоева дайынсыз болуп жатат

Ошто августтан бери Мээримгүл Бопоева дайынсыз болуп жатат
Дайынсыз жоголгон Ош шаарынын тургуну изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө 23-август күнү 1967-жылы туулган шаар тургуну арыз менен кайрылган. Себеби 2024-жылдын 14-август күнү саат 23:00 чамасында Ош шаарынын Учар айылынын Т.Сатиев көчөсүнүн №66 үйүнөн сиңдиси 1982-жылы туулган Бопоева Мээримгүл Шаматовна үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатат билдирген. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо (03222) 6-27-57, 0559-99-90-72 номурларына чалсаңар болот.