SerepTV Logo

Ошто атып өлтүрүлгөн мугалим. Кылмышка шектүү кармалды

Ошто атып өлтүрүлгөн мугалим. Кылмышка шектүү кармалды
Адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. "Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бүгүн, 26-март күнү эртең менен Ош шаарынын тургуну, 1986-жылы туулган, Б.А. ны өлтүрүүгө шектүү  жаран кармалды. Кармалган адам 1958-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну. Кармалган учурда ал кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Кылмыш жасаган соӊ, эски тааныштарынын биринин үйүндө жашынып жаткан жеринен кармалды. Далил буюм катары адам өлтүү үчүн пайдаланылган, колдо кыскартылган ок атуучу курал алынды",- деп айтылат маалыматта. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык (пайда көрүү максатында адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду. Эске салсак, 23-март күнү Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринен 35 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган болчу. Анын денесинде учтуу нерсе менен сайылгандай тешиктер бар эле. Кийинчерээк, аны атып кеткендиги, ал күндүз мектепте сабак берип, түнкүсүн такси айдаганы маалым болгон. Ошондой эле анын унаасы Ош шаарындагы филармониянын аймагынан табылган.
edita