SerepTV Logo

Ошто аттракциондон кулаган кыз көз жумду

Ошто аттракциондон кулаган кыз көз жумду
Оштогу Навои сейил багындагы аттракциондон кулаган кыз көз жумду. Маалыматты Ош облустук милициясынан тастыкташты. Маалыматка караганда, кырсык 21-сентябрда саат 13:30 чамасында болгон. Тез жардам кызматына аттракциондон кулап кетип, ооруканага жетпей каза болгон кыз тууралуу чакыруу түшкөн. Каза болгон жарандын Кара-Суу районунун 2007-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от SEREPTV | ИНТЕРВЬЮ | ЖАНЫЛЫК (@sereptv)

edita