SerepTV Logo

Ошто апасы автобустун ичинен таппай калган кыз табылды

Ошто апасы автобустун ичинен таппай калган кыз табылды
Ошто дайынсыз болуп изделип жаткан 2008-жылы туулган кыз табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал 28-мартта табылган. Буга чейин Ош ШИИБ маалымат таратып, Руставели көчөсүнүн тургуну 2008-жылы кыз изделип жаканын билдирген. Апасы милицияга кайрылып, кызын 25-февралда саат 14:30 чамаларында Ош шаарынын Апсамат Масалиев көчөсүндө орун алган аялдамадан өткөндөн кийин автобустун ичинен таппай калгандыгын, ушул күнгө чейин дайыны жок болуп жаткандыгын билдирип арыз жазган.