Ошто Акжол Махмудовго 2 бөлмөлүү батир жана 10 миң доллар тапшырылды
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов балбан Акжол Махмудовго акчалай сыйлык жана 2 бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле майрамдык иш-чаранын коногу, Токио-2020 оюндарында күмүш медаль уткан Акжол Махмудовго жана анын тренерлерине 200 миң сом акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды. Мындан тышкары, 2 бөлмөлүү батирдин сертификаты менен сыйланды. Андан сырткары Ош облусунун администрация жетекчиси спортчу Махмудовго мэрия менен администрациянын атынан 10 миң доллар тапшырган. Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков кеңештин атынан 100 миң сомдук сертификатты белек кылган.
"Майрамдык иш-чаранын алкагында спорттун өнүгүшүнө салым кошуп, Акжол Махмудов сыяктуу спортчуларды машыктырган машыктыруучуларга Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.