SerepTV Logo

Ошто 5-кабаттан боюн таштоого аракет кылган жаран куткарылды

Ошто 5-кабаттан боюн таштоого аракет кылган жаран куткарылды
Ошто үйдүн 5-кабатынан боюн таштоого аракет кылган эркек киши куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, 35 жаштагы киши Спортивный көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатындагы балкондон секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Тартылган куткаруучулар туугандары менен биргеликте жогоруда аталган жаранды түшүрүп алышкан. Жерине 4 куткаруучу тартылган.