Ошто уулануудан 2 аял каза болсо, 11 адам ооруканада жатат
Ош облусунун Кара-Суу районунда уулануудан 2 аял каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, Нариман айылында бир аял киши туулган күн өткөргөн. Биринчи күнү 15 адам конок болсо, экинчи күнү дагы 15 адам конокко чакырылган. Уулануудан конок тоскон аялдын келини жана досу каза болгон. Азыр 11 адам ооруканада жатат. Абалдары туруктуу. Ал эми каза болгондор ооруканага өтө оор абалда келишкен.
Ал эми Ош ОИИБден кененирээк маалымат бир нече убакыттан кийин берилерин айтышты.