SerepTV Logo

Ошто 16 жаштагы студент салынып жаткан үйдөн кулап, көз жумду

Ошто 16 жаштагы студент салынып жаткан үйдөн кулап, көз жумду
5-октябрда саат 12:00 чамасында Ош ШИИБге кабар түшкөн. Анда Ош шаарынын Шамшиев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн жаран кулап кеткени маалымдалган. Окуя болгон жерге милиция барып, 10-кабаттан кулаган 2008-жылы туулган жаран Өзгөндүн тургуну жана ОшМУнун финансы жана кредит колледжинин студентинин жансыз денесин табышкан. Ал курулуш калдыктарын чогултуп жатып, 10-кабаттан түшүп кеткен. Тергөө уланууда. "Жумушка кантип кирген, эмне үчүн жашы жете элек өспүрүм иштеп жаткан текшерилет",- дешти.