ОшМУнун мугалими "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүсү болду
ОшМУнун “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Буга чейин аталган сынактын жеңүүчүсүнө батир берилери айтылган.