Ош МУга Каныбек Исаковдун ысымын ыйгаруу сунушу колдоо тапты
Мурдагы министр Каныбек Исаковдун ысымын убагында өзү жетектеген Ош мамлекеттик университетине ыйгаруу сунушун Ош шаардык кеңеши колдоп берди. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн 18-январда Ош шаардык кеңешинин жалпы сессиясында ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин окуу жайга профессор, мурдагы министр Каныбек Исаковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө чечимин, жалпы жамааттын шаардык кеңешке сунушу каралып, жыйынтыгында чечим жана сунуш бир добуштан колдоо тапкан. Эми Ош шаардык кеңешинин токтому Бишкеке Өкмөткө жиберилет.
Белгилей кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Ош шаарына болгон иш сапарында жаштар менен жолугушуп, мурдагы министр Каныбек Исаковдун ысымын Ош мамлекеттик университетине ыйгаруу каралып жатканын айткан болчу.
Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетин 2011-2019-жылдары жетектеген. Андан кийин 2019-2020-жылдары Билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган. Ал өткөн жылдын 12-ноябрында 51 жашында эки тараптуу пневмониядан улам каза болгон.