SerepTV Logo

Ош улуттук драма театрынын артисти, режиссёр Жалилбек Жусупов мезгилсиз дүйнө салды

Ош улуттук драма театрынын артисти, режиссёр Жалилбек Жусупов мезгилсиз дүйнө салды
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти, “Маданияттын мыктысы” төш белгисинин ээси, театр ишмери Жалилбек Жусупов 61 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Жалилбек Жусупов 1960-жылдын 25-мартында Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында туулган. 1992-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Ал 1977-1982-жылдар аралыгында Алай райондук маданият үйүнүн катардагы кызматкеринен баштап жетекчисине чейинки кызмат орундарында эмгектенген. 1985-жылы Алай музыкалык-драма театрынын башкы режиссёру, 1991-2017-жылдары Алай музыкалык-драма театрынын директору кызматын аркалап, аймактык театрдын өнүгүшүнө салым кошкон. Ушул эле театрда актёр болуп, көптөгөн ролдорду жаратып, режиссёр катары да бир нече спектаклдерди койгон. 2017-2019-жылдары Ош облустук куурчак театрынын директору болуп иштеген. 2019-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисти болуп иштеп келген.
Unknown Author