"Ош такси" муниципалдык ишканасы түзүлөт
"Ош такси" муниципалдык ишканасы түзүлөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди.
"Силерге мактанып коёюн, 5-августка чейин 50 электромобиль келет. Кроссовер, мини жиптер. Алардын бардыгы шаардын ичинде такси кызматын аткарат. Андан түшкөн каражат шаардын казынасына түшөт", - деди ал.