SerepTV Logo

Ош шаарынын айрым тургундары селден улам таза суусуз калды

Ош шаарынын айрым тургундары селден улам таза суусуз калды
Тоолордо нѳшѳрлѳп жааган жамгырдын улам, Папан суу сактагычына жакынкы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу, Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү чукул убакытта токтотулду. Ош шаарына таза суу берүү - айыл чарба сугат багытындагы ирригациялык Папан суу сактагычы аркылуу камсыздалат. Ош шаардык суу канал ишканасы тургундарга жаан-чачын учурларда таза сууну камдап алууну сунуштайт. Таза суу берүү авариялык токтотулган учурда, ишканасы водовоздор менен таза сууну жеткирип берүү боюнча билдирмелерди кабыл алып жатканын да маалымдайт.