Ош шаарындагы мектептин спорт залына түнү-күнү иштей турган стационар уюштурулду
Бүгүн, 8-июнда Ош шаарындагы Алишер Навои мектебинин спорт залына стационар уюштурулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, дарыгерлер күнү-түнү тейлейт.
Мэриядан кошумчалашкандай, шаардын башка кичи райондоруна да стационар ачуу пландалууда.