SerepTV Logo

Ош шаарындагы балаты жандырылды

Ош шаарындагы балаты жандырылды
Бүгүн, 14-декабрда Ош шаарында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды. Буга чейин шаардын маданият башкармалыгы быйыл борбордук аянтты, жаңы жылдык балатыны жана айланасын жасалгалоого жалпы 3 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөнүн билдирген. «Аянтта муз аянтачасы курулуп, чакан үйлөр, балатылар жана чоң LED-экран орнотулууда», — деп билдиришкен башкармалыктан.