SerepTV Logo

Ош шаарында таза суу кайрадан берилбей калды

Ош шаарында таза суу кайрадан берилбей калды
Ош шаарында ичүүчү сууну берүү кайрадан токтотулду. Бул тууралуу "Ош шаар суу канал" ишканасынан билдиришти. Таза суу нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу өчүрүлүп жатат. Ушундай эле себеп менен Ош шаарында мындан үч күн мурун дагы суу берилбей калган. Учурда Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран кичи райондорунда, Достук, Калинин массивдеринде жана башка аймактарда суу жок. Мындан улам ишканадан жашоочуларга водовоз менен суу ташып келип бере турганын маалымдашты. Таза сууну шаардыктар төмөнкү телефондор аркылуу чалып ала алышат:
  • 0 556 039599; 0 556 460585; 0 559 566671; 0 558 140888;
  • 8-11-15; 8-11-51; 5-04-16;
  • 105.