SerepTV Logo

Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду

Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду

Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, нөшөрлүү жаандан кийин Даңги тараптагы жылгалардан сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын суусу ылайланган. "Суу тунгандан кийин гана ичүүчү суу бериле турганын эскертебиз. Ош суу чарба ишканасы жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат", - деп айтылат маалыматта.