SerepTV Logo

Кайрадан шайлоо. Ош шаарынын милициясына мыйзам бузуу боюнча арыздар түштү

Кайрадан шайлоо. Ош шаарынын милициясына мыйзам бузуу боюнча арыздар түштү
Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча төрт арыз түштү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин башчысынын орун басары Ашим Раимбердиев билдирди. Үч арыз Ош шаарындагы мектептерде административдик ресурс колдонулгандыгына байланыштуу, ал эми бир арыз Ош шаардык суу чарба ишканасынын кызматкери акча тараткандыгына байланыштуу берилген. Ушул жана башка маселелер Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы Нуржан Шайлдабекова, Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов жана шайлоо процессине катышкан башка органдардын катышуусунда өткөн жыйында талкууланды.
Unknown Author