Нооруз майрамы Ош шаарында чоң салтанат менен белгиленет
Ош шаарында Нооруз майрамы борбордук аянтта чоң салтанат менен белгиленет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, майрамдык иш-чара саат 10:00дө эстрада жылдыздарынын, Ош шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун катышуусундагы концерттик программа менен башталып, Нооруз майрамына арналган театралдаштырылган көрүнүштөр менен коштолот.
Мындан тышкары “Кыргыз элинин каада-салтын көрсөтүү” конкурсу, боз үй тигүү жарышы, Аш фестивалы, Кыргыз уллуттук спорттук оюндары боюнча мелдештер уюштурулат.
Эске салсак, Бишкек шаарында Нооруз майрамы коронавирус оорусуна байланыштуу белгиленбейт.