SerepTV Logo

Ош шаарында мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ош шаарында мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Жеке менчикке өтүп кеткен Ош шаарынын жаш балдарды калыбына келтирүү жана дарылоо борборунун аймагындагы 2 млн 614 миң 900 сомду түзгөн жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, Ош шаардык сотунун 2018-жылдын 10-апрелиндеги чечими менен Ош шаардык прокуратуранын Ош шаардык мэриясы менен С.К. аттуу жарандын ортосундагы жер тилкени сатуу жөнүндөгү соода-сатык келишимин жана жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндө доо арызы канааттандырылган. 2021-жылдын 19-мартында Ош шаардык прокуратура тарабынан Ош шаарынын мэриясына жаш балдарды калыбына келтирүү жана дарылоо борборунун аймагындагы жер тилкени муниципалдык баланска алуу жөнүндө талап келтирилип, 2021-жылдын 26-мартында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алынды.
Unknown Author