SerepTV Logo

Ош шаарында коронавируска каршы акысыз эмдөөчү 47 пункт иштеп баштады

Ош шаарында коронавируска каршы акысыз эмдөөчү 47 пункт иштеп баштады
Бүгүн, 13-июлдан тарта Ош шаарында коронавируска каршы акысыз эмдөөчү 47 пункт иштеп баштады. Бул тууралуу Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул пункттарда «Синофарм» вакцинасын акысыз алууга болот. Эмдөөгө келген ар бир адам жанында паспорту (ID-card) болушу керек. Ош шаарындагы эмдөө пункттарынын даректери: - Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору: №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11; Ош мамалекеттик университетинин дарылоо пункту жана Аэропорт – авиа шаарчасы. - ФАПтар: “Алмалык”, “Пятилетка”, Сай, Орке, Тээке, Арек, Төлөйкөн, Жапалак, “Сулайман-Тоо”, “Озгур”, “Беш-Калпак”. - Мектептер: Гагарин, Алтыбаев, №27 Партсъезд жана Горький атындагы мектептерде. - Ош шаарынын борбордук базары, “Фрунзе” жана “Келечек” кичи базарларында. - «Глобус», «Фрунзе» гипермаркетинде, ошондой эле, Амир-Тимур аймагында жайгашкан почтада эмдөө жүрөт. Мындан тышкары, ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдында эмдөөгө чейин консультация алуу үчүн мобилдик топтор уюштурулган. Ош шаары боюнча 12 мобилдик топ бар.
Unknown Author