SerepTV Logo

Ош шаарында ипотекага берилүүчү көп кабаттуу 3 үй салынып жатат

Ош шаарында ипотекага берилүүчү көп кабаттуу 3 үй салынып жатат
Бүгүн, 2-апрель күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов баштаган жумушчу топ Ош шаарындагы Достук кичи районундагы курулуп жаткан ипотекалык багыттагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунан кабар алды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка караганда, вице-мэр шаардагы үй муктаждыгын жоюу акырындык менен мэрия тарабынан жүргүзүлүп жаткан долбоорлордун негизинде ишке аша тургандыгын билдирди. Учурда аталган райондогу 9 кабаттуу үйдүн 7-кабаты бүтүп жатат. Ош шаарында ипотекалык негизде көп кабаттуу 3 үйдүн курулушу жүрүп жатат. [gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="33521,33522,33523,33524,33525"]
Unknown Author