SerepTV Logo

Ош шаарында 7 жаштагы баланын жансыз денесин каналдан алып чыгышты

Ош шаарында 7 жаштагы баланын жансыз денесин каналдан алып чыгышты
Ош шаарында 7 жаштагы бала каналга агып, көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 6-март күнү саат 18:00 чамасында Ош шаарына караштуу Жапалак айылындагы Орке тилкесиндеги каналдан агып бара жаткан баланын жансыз денесин жергиликтүү тургундар көрүп, алып чыгышкан. Ал 2018-жылы туулган, ошол айылда убактылуу жашаган үй-бүлөнүн баласы болуп чыккан. Үй-бүлө Бишкектен Ошко көчүп барып, жашап жаткан. Тергөө учурунда соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. "Камера көрсөткөндөй, бала чөнтөгүндөгү буюмун сууга агызып алып, аны алам деп каналга кирип кеткен", - деп айтылат маалыматта.