SerepTV Logo

Ош шаарында 24 саат бою иштей турган үч эмдөө пункту ачылды

Ош шаарында 24 саат бою иштей турган үч эмдөө пункту ачылды
Ош шаарында 24 саат бою иштей турган үч эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Күнү-түнү эмдөө тез жардам станциясында, Ак-Тилек кичи районундагы шаардык оорукана жана Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан эски шаардык ооруканада жүргүзүлөт. Күндүзгү эмдөөчу жайлар: — №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда; — Аэропорт шаарчасынын жана Ош мамлекеттик университетинин дарылоо пункттарында; — Сай, Орке, Тээке, Арек, Төлөйкөн, Жапалактагы ФАПтар, «Алмалык», «Пятилетка»,  «Сулайман-Тоо», «Озгур», «Беш-Калпак» ФАПтарында; — Гагарин, Алтыбаев, №27 Партсъезд жана Горький атындагы мектептерде; — Ош шаарынын борбордук базары, «Фрунзе» жана «Келечек» кичи базарларында; — «Глобус», «Фрунзе » гипермаркетинде, ошондой эле, Амир-Тимур аймагында жайгашкан почтада эмдөө жүрөт. Ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдында эмдөөгө чейин кеңеш алуу үчүн мобилдик топтор уюштурулган. Ош шаары боюнча 12 мобилдик топ бар. Вакцина алууга келгендердин жанында паспорту (ID-карт) болушу керек.
Unknown Author