SerepTV Logo

Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолу тазаланып ачылды

Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолу тазаланып ачылды
Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун 218-229-чакырымдар аралыгы (Талдык жана Тоң-Мурун ашуулары) эртең менен саат 6:00дө ачылып, каттам толук жанданды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты. Аймакты караган Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери түнү менен иш алып барышты. Азыркы тапта да тазалоо иштери уланууда.
Кечээ, 4-январда Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун 218-229-чакырымдар аралыгында жол көрүнбөй, бороон катуу болгондуктан унааларга убактылуу чектөө киргизилген.