SerepTV Logo

Ош облусунда көчкү түшкөн учурдун видеосу

Ош облусунда көчкү түшкөн учурдун видеосу
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Ылай-Талаа-Гүлчө унаа жолунун 4,8-чакырымында жер көчкү түшүп, аталган тилкени жаап калган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жер көчкүнүн көлөмү алдын ала маалымат боюнча 35 миң метр кубдан ашкан. Аталган тилкедеги жол убактылуу жабылып, унаалар Шаркыратма ички чарбалык жолу менен жүрүүдө. Транспорт министрлигинин кызматкерлери жол тилкесин тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатышат.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от SEREPTV | ИНТЕРВЬЮ | ЖАНЫЛЫК (@sereptv.kg)