SerepTV Logo

Ош облусунда жер титиреди

Ош облусунда жер титиреди
Бүгүн, 11-февралда болжол менен саат 03:24 чамасында Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Анын күчү Ош облусунун Алай районунун Эркештам, Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
edita