Ош облусунда жер титиреди
Кечээ, 2-февралда болжол менен саат 13:40 чамасында Ош облусунун аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмологиялык институту билдирди.
Анын күчү Алай районунун Нура айылында 3 баллга, Эркечтам айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.