SerepTV Logo

Ош милициясы 12 жаштагы баланын кармалышы боюнча маалымат берди

Ош милициясы 12 жаштагы баланын кармалышы боюнча маалымат берди
Буга чейин социалдык тармактарда "милиция 12 жаштагы баланы кармап кетти" деген видео жарыяланган. Ош ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. Маалыматка караганда, 21-март күнү Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан "Өспүрүм түн", "Укук тартип" аталышында рейддик иш-чара өткөн.
"Анда кызматкерлер ар кандай укук бузуу, кокустуктардын алдын алуу максатында түнкүсүн ата-энесинин коштоосу жок, өз алдынча жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча иш алып барышкан. Видеодогу өспүрүм дагы өз алдынча дүкөндө соода кылып жатканы аныкталган, андан кийин кызматкерлер ата-энесинин чакыртып, атасы келип, өздүгүн тастыктагандан кийин түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, өспүрүмдү атасына беришкен", - деп айтылат маалыматта.