"Ош эл аралык аэропортуна" учактардын конууларына убактылуу чектөө киргизилди
"Ош эл аралык аэропортунда" учактардын конууларына бүгүн саат 07:40тан тартып убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Мындай чечим Ош шаарында туман түшкөндүгө байланыштуу кабыл алынды.