SerepTV Logo

"Ош" базарында жүргөн рейдде 300дөн ашык документ табылды

"Ош" базарында жүргөн рейдде 300дөн ашык документ табылды
"Ош" базарында рейд жүргүзүлүп, натыйжада Кыргызстан жарандарынын 300дөн ашык документи табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Билдирмеге ылайык, табылган документтерди укук коргоо органдары Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүп беришкен. "Каттоо кызматы "Табылгалар бюросу" автоматташтырылган маалымат издөө тутумун ишке киргизген. Ал жакка табылган документтер жөнүндө бардык маалыматтар киргизилет", — деп айтылат билдирмеде. Табылган документтердин тизмеси:
  • eID-паспорт — 85 даана;
  • Жалпы жарандык паспорт — 7;
  • AN паспорту — 177;
  • Айдоочулук күбөлүк — 27;
  • Аскердик билет (таандык) — 2;
  • Эмгек китепчеси — 1;
  • Нике тууралуу күбөлүк — 5;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк — 4;
  • ТК каттоо жөнүндө күбөлүк — 5;
  • Студенттик карта — 3;
  • Кирүү билети — 3.
Мамлекеттик каттоо кызматы жоголгон документтерди таап алган адамдарды мекеменин аймактык бөлүмдөрүнө, анын ичинде "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бардык филиалдарына өткөрүп берүүгө чакырат.