"Ош базардын" жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Милиция аты-жөнүн тактоого жардам сурайт
22-июнда Бишкектеги Москва менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен 50-55 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Милицияга анын аты-жөнүн тактоого мүмкүн болгон эмес. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
«Денеде зордук-зомбулук менен өлтүрүүнүн белгилери жок. Белгилери - бою 180-185 сантиметр, орто дене түзүлүштө, мурду түз, сүйрү жүздүү, чачы кара. Ак сызыгы бар спорттук шым, ак футболка, кара байпак, кара спорттук бут кийимчен болгон. Курсагында операциядан калган 15 сантиметрлик тырыгы бар”, - деп жазылат маалыматта.
Эгерде сизде маркум тууралуу кандайдыр бир маалыматтар бар болсо, төмөндөгү номурлар менен байланышсаңыздар болот: 0312352605, 0 705450553, 0551088330, 0553102465, 102.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="60048,60045,60046,60047"]