ОСАГО полиси жок айдоочуларга 1-июлга чейин айып пул салынбайт
Министрлер кабинети ОСАГО (транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу) жоктугу үчүн айып пулду киргизүү мөөнөтүн эмки жылдын 1-июлуна чейин узартуу чечимин кабыл алды.
Эмне үчүн мөөнөт узартылганын Экономика министрлиги төмөнкүчө түшүндүрдү: "Учурда айдоочулардын бир аз бөлүгү гана ОСАГО полисин алган. Узартылган мөөнөт – камсыздандыруу тууралуу кеңири маалымат алып, полисти шашпай, ыңгайлуу шартта тариздөө үчүн берилген убакыт".
ОСАГО – жол кырсыгында чыгымдарды төлөөдөн коргоонун кепилдиги. Полис үчүнчү тараптардын чыгымдарын жабат. амсыздандыруу полиси жок айдоочуларга 3000 сомдон айып пул салуу 1-январдан башталмак. Ал эми бир жылдык камсыздандыруу - 1680 сом.