Орусиянын "Своим ходом" долбоорунун блогерлери Кыргызстан тууралуу видео жарыялашты
"Своим ходом" долбоорунун белгилүү орусиялык блогерлери - Виталик менен Лиза Кыргызстан тууралуу видео жарыялашты.
40 мүнөттүк видео блогерлердин расмий YouTube аккаунтуна жарыяланган. Саякатчылар он күнгө жол тандабасты ижарага алып, Бишкекти кыдырып, Ала-Арча коругуна барышкан. Келген коноктор Кыргызстандын табиятына суктанышып, кийинки блог Ысык-Көлгө арналарын убада кылышты.
https://youtu.be/c1Ij6jPpy5A