Орусиянын жарандары Кыргызстандын аймагынан добуш бере алышат. Тилкелердин тизмеси
Ушул жылдын 19-сентябрында Орусия Федерациясынын Федералдык жыйынынын мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо өтөт. Бул күнү шайлоо тилкелерине Кыргызстандын аймагында жүргөн жана добуш берүү укугуна ээ болгон Орусиянын бардык жарандары добуш бере алышат:
№ 8159 - Бишкек шаары, Орусия Федерациясынын элчилиги, Манас проспектиси, 55;
№ 8162 - Ош шаары, Орусия Федерациясынын Башкы консулдугу, Бобулова көчөсү, 77;
№ 8160 - Кант шаары, № 20022 аскер бөлүгү;
№ 8161 - Каракол шаары, № 87366 аскер бөлүгү.
Добуш берүү 8:00дөн 20:00гө чейин болот. Жаныңызда Орусиянын жаранынын инсандыгын ырастоочу документиңиз болушу керек.