Орусиянын Альпинизм федерациясы Наговицынага Жеңиш чокусуна чыгууга тыюу салынганын билдирди
Орусиялык альпинист Наталья Наговицынанын машыгуу деңгээли жетишсиз болгондугу үчүн үч гид Жеңиш чокусуна чыгууга тыюу салган. Бул тууралуу Орусиянын Альпинизм федерациясынын вице-президенти Александр Пятницын 28-августта орусиялык ТАСС маалымат агенттигине билдирген.
"Үч гид ага ал жакка барууга тыюу салып, анын даярдыгы төмөн болгондуктан аны менен бирге чыгуудан баш тартышкан", - деп айтылат маалыматта.
Пятницындын айтымында, тыюу салынганына карабай, Наговицына коштоочуларды тапкан.
Окуянын хронологиясы “Ак-Сай Трэвел” туристтик компаниясынын маалыматы боюнча:- 12-августта Орусиянын жараны Наталья Наговицына 7200 метр бийиктикте бутун сындырып алган. Анын жанындагы Роман Мокринский биринчи жардам көрсөтүп, жардам чакыруу үчүн ылдыйга түшкөн.
- 13-14-августта жабыркаган аялга италиялык Лука Синигалья менен Германиядан келген Гюнтер Зигмунд чыккан. Алар ага уктоочу баштык, тамак-аш жана газ жеткирип беришкен. Бирок аба ырайына байланыштуу алардын жолу бөгөттөлүп калган.
- 15-августта Луканын абалы начарлап кеткен. Дарыгерлер анын мээси шишип кеткенин божомолдошкон. Кечинде лагерге жетпей каза болуп калган.
- 16-августта Коргоо министрлигинин Ми-8 учагы 4600 метр бийиктиктеги Дикий ашуусунда катуу конгон. Андагы адамдардын баары аман калган. 4 адам жаракат алып, Караколго жеткирилген.
- 19-21-августта учкучсуз учактар Наговицынада аман экенин катташкан, бирок кар көчкү коркунучу куткаруучулар тобунун ага жакындашына тоскоол болгон.
- 23-августта аба ырайынын кескин начарлашынан жана куткаруу тобунун жетекчисинин ден соолугунун начардыгынан куткаруу операциясын токтотууга аргасыз болушкан.