SerepTV Logo

Орусиялык актёр Михаил Боярский кулап, ооруканага жаткырылды

Орусиялык актёр Михаил Боярский кулап, ооруканага жаткырылды
Белгилүү орусиялык актёр Михаил Боярский бийиктен кулап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу РБК жазды. "Сахнанын артынан жыгылып, бир кабыргасы сынды",- деген актёрдун жубайы.  Ал арада Орусиянын Telegram каналдары окуя 14-апрелде болгонун жазып чыгышты. 75 жаштагы Боярский чалынып, 3 метрдей бийиктиктен кулап түшкөн. Маш басылмасы омурткасын стабилдештирүү үчүн операция жасаларын айтты.