Орусия Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөт
Орусия Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын 500 миң дозасын жөнөтөт. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев айтты.
“Президент Садыр Жапаров Орусияга иш сапары менен барганда, вакцина маселеси талкууланган. Анда алар Кыргызстанга 500 миң доза "Спутник V" вакцинасын берүүгө макул болгон. Аны биз май айында алынып, келет деп күтүп жатабыз”, - деди министр.