Орусияга жиберилген анализдердин жыйынтыгында Кыргызстанда 2 штамм аныкталган
Кыргызстанда май айында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын арасында COVID-19дун «Дельта» штаммы аныкталган жок, анализ Орусияда лабораторияда жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Динагүл Оторбаева билдирди. Анын айтымында, анализдердин жыйынтыгына ылайык, 85 пайызы британдык штамм жана 14 пайызы түштүк-африка штаммы аныкталган.
Буга чейин үлгүлөр Новосибирск шаарындагы (РФ) лабораторияга жөнөтүлгөн.