Орусияга авиабилеттердин эмнеге кымбат болуп жатканы айтылды
Орусияга авиабилеттердин кымбат болушу үзгүлтүксүз каттамдардын аз болуп жаткандыгы менен байланыштуу. Мындай пикирди Жарандык авиация агенттигинин директору Бакыт Жунушалиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, авиакаттамдарга чектөөнү Орусия бийлиги коюуда.
"Учурда жумасына 6 туруктуу каттам бар. Үчөөнү биздин "Авиа-Траффик" компаниясы, экөөнү орусиялык "Аэрофлот" компаниясы жана бирөөнү "Урал аба жолдору" ишке ашырат. Бул каттамдардын саны өтө эле аз. Себеби буга чейин айына 30га жакын, күнүнө 3-4 каттам болгон", - деп билдирди Бакыт Жунушалиев.
Ошондой эле ал агенттик каттамдардын санын көбөйтүү тууралуу Орусияга кат жиберилгенин айтты.
"Үзгүлтүксүз каттамдардын көбөйүшүн Орусияда Роспотребнадзор чечет. Кыргызстандан Орусияга авиабилеттердин кымбат болушу үзгүлтүксүз каттамдардын аздыгы, ошондой эле авиакомпаниялар чартердик каттамдарды гана ишке ашырып жаткандыгына байланыштуу", - деп сүйлөдү өз сөзүндө Жарандык авиация агенттигинин директору.