Ош шаарына Орусиядан гуманитардык долбоордун негизинде 17 мугалим келди
Ош шаарындагы мектептерде Орусиядан келген мугалимдер кайрадан ишин баштады. Бул тууралуу Россиянын илим жана маданият борборунан билдиришти.
Алардын берген маалыматына караганда, Россиянын Билим берүү министрлигинин «Чет өлкөдөгү орус мугалими» гуманитардык долбоорунун мугалимдеринин делегациясы 16 жана 18-февралда өлкөнүн түштүгүнө келишкен.
Долбоор 2019-2020-окуу жылында башталган. Алгач Ош шаарына 17 орус тили жана адабияты, математика мугалимдери жана башталгыч класстардын мугалимдери келишти. Быйыл шаардын мектептеринде 29 мугалим эмгектенет.
«Окуу жылынын башында мугалимдер билим берүү мекемелерине бекитилген, бирок карантиндик чараларга байланыштуу алар Орусиядан онлайн режиминде сабак берип жатышкан. Эпидемиологиялык кырдаал оңолгондон кийин, өз алдынча окуу ишин улантууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, топ Ош шаарына келишти »,- деп билдиришти борбордон.